• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жогорку Кеңеш тарабынан "Кыргызтест" мекемесине кичи автобус берилди

Коом 0

Бишкек, 07.05.24. /Кабар/. Жогорку Кеңеш тарабынан "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесине кичи автобус берилди.

Парламенттен билдиришкендей, төраганын резервдик фондунан бөлүнгөн каражатка алынган Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унааны бүгүн Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева тапшырды.

Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Cтавинская унаага болгон муктаждыкты кыска аралыкта чечип бергендиги үчүн Нурланбек Шакиевге ыраазычылыгын билдирип, унаанын мекеме үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев аталган мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышып кайткан. Анда аймактардагы мамлекеттик-муниципалдык мекемелерде эмгектенген кызматкерлерди жеринде тест тапшыртуу үчүн адистерди жана жабдууларды ташууга кичи автобус унаасы керектиги айтылган. Нурланбек Шакиев аталган маселени кыска убакытта чечип берерин убадалаган.

Пикир

Оставить комментарий