• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргыз-казак чек арасында жаңы чек ара бекеттери ачылды

Коом 0

Бишек, 18.12.18. /Кабар/. Казакстандын Жамбыл облусундагы Кордай районунда эки жаңы чек ара бекети ачылды. Бул тууралуу жергиликтүү агенттиктер өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматына шилтеме кылып жазышты.

Маалыматка караганда, №2038 аскер бөлүгүндөгү «Енбек» жана «Жасылтобе» бекеттеринде модулдук комплекстер курулуп, пайдаланууга берилди.

Анда жоокерлердин аскердик даярдык көрүүсү жана профессионалдык чеберчилигин жогорулатуусу үчүн бардык шарттар каралган.

Пикир

Оставить комментарий