• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Алмаз Бакетаев Грузияда Азия өнүктүрүү банкынын президенти менен жолукту

Экономика 0

Бишкек, 02.05.24. /Кабар/. Тбилиси шаарында (Грузияда) КР финансы министри – Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы башкаруучусу Алмаз Бакетаевдин Азия өнүктүрүү банкынын президенти Масацугу Асакава менен жолугушуусу өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, Бакетаев Масацуга Асакавага Кыргызстандын учурдагы экономикалык абалы тууралуу маалымат берди.

"2023-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын реалдуу өсүү темпи 6,2% түздү жана бул көрсөткүч фискалдаштыруунун жана салык, бажы системасынын туура багытта иш алып баруусунун натыйжасында жетишилди", - деди министри.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 7-майында кыргыз тарап жетишилген реформаларды улантуу максатында АӨБ менен 50 млн долларлык бюджеттик колдоону бекитүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү пландаштырууда. Ошондой эле Коррупцияга каршы стратегияны кабыл алуу жана бекитүү пландалууда.

Мындан тышкары, Бакетаев Масатсугу Асакавадан Өзбекстан менен Казакстандын мисалындагыдай социалдык турак-жайды каржылоо долбоорун ишке ашырууга жеке көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Ошондой эле ал климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча өлкөгө жаңы демилгелер менен колдоо көрсөтүүнү, муну менен климаттык долбоорлорду каржылоо жана жашыл экономиканы өнүктүрүү үчүн жаңы Фонддорду ачууну өтүндү.

Жолугушуунун соңунда АӨБ президенти Масацугу Асакавага Башкаруучулар кеңешинин кезектеги жыйынына чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, АӨБ президентин жана анын командасын 2024-жылдын май айында Кыргызстанда өтө турган Кыргызстан менен АӨБдүн 30 жылдык кызматташуусуна байланыштуу иш-чарага чакырды.

Пикир

Оставить комментарий