• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаарына Москвадан "Өчпөс оттун" бөлүкчөсү алып келинди

Аймак 0

Бишкек, 04.05.24. /Кабар/. Бүгүн, 4-майда таңга маал “Эскерүү оту” эл аралык иш-чарасынын алкагында "Ош" эл аралык аэропортунан Кремлдин дубалындагы белгисиз жоокердин мүрзөсүндөгү "Өчпөс отту" тосуп алышты.

Ош мэриясынан билдиришкендей, тосуп алууга Ош шаарынын мэриясынын, Кыргызстандагы Россия кызматташтыгынын, Ош шаарындагы Орус үйүнүн, Россиянын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, бүгүн Ош шаарындагы "Өчпөс от" мемориалдык комплексинин алдында аталган эл аралык акциянын алкагында жыйын-реквием өтүп, мемориалга от жагылат. Андан соң түбөлүк оттун бөлүкчөсү Ош шаарынан соң өлкөнүн башка шаарларына өткөрүп берилет.

Ош шаарына Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын элесине арналган Өчпөс оттун бир бөлүгүн Бүткүл орусиялык "Элдик фронт" коомдук кыймылынын борбордук штабынын мүчөсү, театр жана кино актеру Михаил Мамаев, "Элдик фронт" коомдук кыймылынын Красноярск крайындагы облустук аткаруу комитетинин башчысы, Красноярск шаардык кеңешинин депутаты Оксана Ларионова, "Элдик фронт" коомдук кыймылынын Краснодар аймактык штабынын мүчөсү Никита Костоправкин алып келишти.

Белгилей кетсек, бул иш-чара быйыл Ош шаарында экинчи жолу өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий