• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

ОшМУда Келдибай Алымкулов атындагы илимий-изилдөө борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 12.05.23. /Кабар/. КР илимине эмгек сиңирген ишмер, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, физика-математика илимдеринин доктору, профессор, Улуттук илимдер академиясынын Ардактуу академиги Келдибай Алымкулов атындагы илимий-изилдөө борбору Ош мамлекеттик университетинде ачылды.

Окуу жайдын басма сөз кызматынан билдиришкендей, борбор окумуштуу, педагог, насаатчы Келдибай Алымкуловдун 80 жылдык эскерүү мааракесине арналган "Математиканын актуалдуу маселелери жана билим берүү" аталышындагы эл аралык илимий конференциянын алкагында ачылды.

Келдибай Алымкулов атындыга илимий-изилдөө борборунун ачылышына ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган профессордук-окутуучулук курам, Россия, Казакстан, Өзбекстандан келген белгилүү окумуштуулар катышты.

Аталган борбордо Келдибай Алымкуловдун өмүр бою жыйнаган математика илимине арналган сейрек кездешүүчү чет өлкөлүк окумуштуулардын чет тилдердеги, өзүнүн илимий изилдөөлөрүндө пайдаланылган орус, кыргыз тилдериндеги эмгектери, чет өлкөлүк илимий журналдарга жарыяланган илимий изилдөөлөрү коюлган.

Ошондой эле борбор акыркы заманбап үлгүдөгү техникалык каражаттар менен камсыздалган.

Пикир

Оставить комментарий