• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ошто Алай көчөсүн оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 12.05.23. /Кабар/. Ошто Алай көчөсүн оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүүдө, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Аталган көчөдө шаардагы Масалиев көчөсүндөгү унаа агымын азайтуу максатында жолду ачуу жана оңдоп-түзөө боюнча көлөмдүү иштер жүргүзүлүүдө.

Шаар башчысы Бакытбек Жетигенов ткарылып жаткан иштер менен жеринде таанышып чыкты.

«Ош шаардык жолдору» муниципалдык ишканасынын маалыматына караганда, долбоор боюнча Алай көчөсүнүн тилкесинде жайгашкан Масалиев проспектисине кошулган эки көчөнүн жалпы узундугу 740 метр, туурасы - 6 метрди түзөт. Аталган көчөлөрдөгү жолдун эки тарабына туурасы 1,5 метр тротуар салынып, ирригациялык лотоктор орнотулат.

Долбоордун алкагында бул жерде мыйзамсыз соода түйүндөрүн алып салуу, инженердик коммуникацияларды, анын ичинде электр, суу жана жылуулук менен камсыздоочу түтүктөрдү жер астына өткөрүү боюнча ар тараптуу иштер жүргүзүлүүдө. Жолду оңдоп-түзөөдөн тышкары таштандыларды сорттоочу контейнерлерди орнотуу, көп кабаттуу үйлөрдүн сыртына боёк берүү боюнча тапшырмалар берилди.

Ошондой эле көчөгө заманбап жарыктандыруу системалары орнотулат.

Пикир

Оставить комментарий