• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Жети-Өгүздө кайрымдуулук иш-чарасы болуп өттү

Аймак 0

Бишкек, 16.02.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында кайрымдуулук иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу аймактын баш имам хатиби Талантбек Акылбек уулу билдирди.

Анын айтымында, иш-чараны “Ассанабил” кайрымдуулук фонду уюштурду. Иш-чаранын алкагында бир бодо мал жана төрт кой курмандыкка чалынып, алардын эти муктаж үй-бүлөлөргө, жетим-жесирлерге жана аталган фонд тарабынан курулуп жаткан мечиттин айланасындагы кожолуктарга таратылып берилди.

“Ассанабил” фонду менен көптөн бери кызматташып келебиз. Бул уюм Жети-Өгүз районунун борбору Кызыл-Суу айылында бир мечит салып, дагы бирөөсүнүн курулушуна жардам берип жатат. Мына ушул фонддун өкүлчүлүгү кайрымдуулук иштерин улантып, Кызыл-Суудагы жардамга муктаж тургундарга мал союп, этин таркатып берди. Фонддун жетекчилигине терең ыраазычылык билдиребиз", - деди Талантбек Акылбек уулу.

Пикир

Оставить комментарий