• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Панфилов районунда тоноого шектүү адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.02.21. /Кабар/. Панфилов районунда тоноого шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун Панфилов РИИБине каракчылык фактысы боюнча билдирүү түшкөн.

Райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө-ыкчам тобу дароо жерге жөнөтүлүп, ал жерге келгенден кийин 2021-жылдын 11-февралында саат 14:00 чамасында Кайыңды шаарында жергиликтүү тургундун үйүнө медициналык беткап кийген белгисиз адам кирген, ошол учурда үйдө жашы жете элек төрт бала жалгыз болгон. Белгисиз адам 11 жаштагы кызды бычак менен коркутуп, акча жана баалуу буюмдар кайда сакталып тургандыгын көрсөтүүнү талап кылган. Андан кийин бөлмөлөрдүн бириндеги капчыкты байкап, ал жерден акча алып, андан кийин изин суутуп кеткен.

Окуя болгон учурда үйдүн кожойкеси үй-бүлөлүк маселелер боюнча белгисиз убакытка жок болгон.

Аталган факты Панфилов районунун ички иштер бөлүмү тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренесинин (каракчылык) негизинде КЖБР катталып, сотко чейинки тергөө өндүрүш иши башталган.

Тергөө-ыкчам иш чаралардын жүргүзүү учурунда Панфилов районунун ИИБнин Криминалдык милиция кызматкерлери жогорудагы кылмышка шектүү делип, 27 жаштагы Г.А. аттуу жаранды аныктап, кармап келишкен.

Учурда аталган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий