• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Нарында облус башчысынын жаңы жылдык балаты майрамы өттү

Аймак 0

Бишкек, 29.12.22. /Кабар/. Күн мурун, 28-декабрда Нарын облустук М.Рыскулов атындагы академиялык музыкалык драма театрында Нарын шаарынын жана Нарын районунун бөбөктөрү үчүн облус башчысынын жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлдү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.

Майрамдык иш-чарада 225 балага театр кызматкерлери тарабынан даярдалган оюн-зоок көрсөтүлүп, ыйгарым укуктуу өкүлдүн таттуу белектери берилди.

Балдарды ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басарлары Адыл Сапаров жана Элмира Садыкова куттуктап, облус жетекчисинин таттууларын тапшырды.

Быйыл ыйгарым укуктуу өкүлдүн балаты майрамдары адаттагыдай эле ар бир райондо өткөрүлүп, 700 балага белектер берилди.

Мындан сырткары, облус жетекчисинин резервдик фондунан ата-энесинин камкордугунан ажыраган 224 балага 1000 сомдон каражат которулду.

Пикир

Оставить комментарий