• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Ошто күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 13.08.19. /Кабар/. Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды, - деп билдирет КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө кечээ, 12-августта болжол менен саат 23:14тө Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 6 баллга жеткен.

Жер титирөө Өзгөн районунун Ничке-Сай, Зергер, Тосой, Кыргызстан, Жийде, Кайрат, Ак-Терек айылдарында 6 балл, Салам-Алик, Ор-Казган, Ара-Көл, Эркин-Тоо, Красный-Маяк, Жылалды, Мырзаке айылдарында жана Өзгөн шаарында 5 балл, Ош шаарында 3 балл, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарында, Сузак, Калмак-Кырчын айылдарында 4 балл, Жалал-Абад облусунун Масы, Казарман айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий