• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Лейлек районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100 тонна ун таркатылды

Аймак 0

Бишкек, 06.04.20. /Кабар/. Баткен облусунун Лейлек районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100 тонна ун таркатылды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Лейлек районунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү азык-түлүк менен камсыздоону колго алган ишкерлердин катары көбөйүүдө. Акыркы күндөрү район аймагында жашаган кайрымдуу инсандар, ишкерлер муктаж болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк, жугуштуу илдеттен коргонуучу каражаттарды таратып, акчалай жардам көрсөтүүдө. Жардамдар жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте, калктын аярлуу катмарына жеткирилүүдө.

5-апрелге карата райондо жашаган жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жалпы 102,2 тонна ун, 6 миң 655 литр өсүмдүк майы, 2 миң 270 кг макарон жана башка негизги азык-түлүктөр менен кошо 200 миң сомдук акчалай жардам көрсөтүлдү. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттен жана бир катар бейөкмөт уюмдар тарабынан ар тараптуу жардам берүүлөр уланууда. Учурда райондо 168 тонна ун запасы бар

Пикир

Оставить комментарий