• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаарынын “Манас-Ата” МАБында балдардын жайкы эс алуусу уюштурулду

Аймак 0

Бишкек, 29.07.22. /Кабар/. 16-июлдан тарта Ош шаарындагы бардык МАБдарда балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу долбоору ишке ашырыла баштады. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Графикке ылайык, “Манас-Ата” МАБында балдар үчүн оюн-зоок программасы өткөрүлүп, анын жүрүшүндө “HAPPYLAND” балдардын оюн-зоок борборунда балдар үчүн иш-чаралар уюштурулду.

Аны менен катар ар бир МАБдын балдарын шаардык “Дельфин” бассейнине алып барышууда.

Бул иш-чараларга катышуу үчүн калктын аз камсыз болгон, социалдык жактан аялуу катмарындагы балдарга өзгөчө көңүл бурулат, алар МАБ жана тиешелүү коомдук органдар аркылуу чакырылат.

Пикир

Оставить комментарий