Кыргызстандын курамасы Индияда Бүткүл дүйнөлүк шахмат олимпиадасына катышууда

Спорт 0

Бишкек, 29.07.22. /Кабар/. Кыргызстандын шахмат боюнча курама командасы ФИДЕнин Бүткүл дүйнөлүк шахмат олимпиадасына катышуу үчүн Индияга барды. Аларды Кыргызстандын элчиси Асеин Исаев тосуп алган.

КРнын Индиядагы элчилигинен кабарлашкандай, элчи кыргызстандык шахматчыларга ийгиликтүү оюн, мыкты жыйынтыктарды каалап, олимпиада чыныгы спорттун жана достуктун майрамына айланат деген ишенимин билдирген.

Олимпиадага Кыргызстандын курама командасын ар кандай жаш категориядагы 10 катышуучудан турган эркектер жана аялдар командалары көрсөтөт.

Белгилей кетсек, шахмат олимпиадасынын салтанаттуу ачылышы 28-июлда өлкө түштүгүндөгү Ченнай шаарындагы Джавахарлал Неру атындагы стадиондо өтүп, ага Индиянын премьер-министри Нарендра Моди катышкан.

Спорттук мелдешке дүйнөнүн 188 өлкөсүнөн 2 миңден ашык оюнчу катышууда, мелдеш 10-августка чейин созулат.

Пикир

Оставить комментарий