• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

«Айылдарды туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун алкагында Чүйдө 37 соцобъект ишке ашырылды

Аймак 0

Бишкек, 27.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 24-декабрында Бишкекте «Айылдарды туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун жыйынтыгына арналган конференция болуп өттү. Бул тууралуу КРнын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чарага райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары, айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү, айылдык кеңештин депутаттары, Кайыңды, Кемин, Кара-Балта шаарларынын мэрияларынын, долбоорго катышкан бала бакчалардын жана мектептердин директорлору, аймактык ооруканалардын өкүлдөрү катышты.

Конференциянын катышуучуларына долбоордун жыйынтыгы тууралуу маалымат берилип, райондордун өкүлдөрү курулуп бүткөн объектилерди эксплуатациялоо боюнча тажрыйба алмашты.

Өз сөзүндө АРИСтин аткаруучу директору Бекжан Супаналиев буларга токтолду: «Биз күч-аракетибизди жакырчылыкты жоюуга багыттадык. Бул максатта Чүй облусунун 88 айылындагы жергиликтүү тургундарды эски социалдык объектилерди оңдоп, жаңысын курууга мобилизацияладык. Биздин окутууларыбызга 3045 адам катышты».

Жалпысынан долбоор боюнча 37 кичи долбоордук сунуштар ишке ашырылган.

Саламаттыкты сактоо объектилерине 11 кичи долбоордук сунуштар кирген: ФАПтар, ҮДТ имараттары курулуп, Кемин аймактык ооруканасынын инфекциялык бөлүмү жана Жайыл районунун ОТБ реанимация бөлүмү ремонттолду.

Билим берүү жаатында 19 кичи долбоордук сунуштар колдоого алынды: 12 бала бакча, 3 спорт зал курулду, 4 билим берүү мекемесинде капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү.

Айыл чарбасын жана ишкердикти өнүктүрүү багытында 7 объект бүткөрүлдү: Кара-Балта дарыясынын баш түзүмүн оңдоо, Ак-түз айылында канализация системасын тазалоочу жайды куруу, Р-1, Р-2, Р-3, «Сай» жана «Люцерна» каналдарын оңдоо, жол боюндагы эки комплексти куруу.

«Айылды туруктуу өнүктүрүү» долбоору АРИС тарабынан ишке ашырылган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети, Ислам өнүктүрүү банкы жана Ислам тилектештик өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган. Долбоор Чуй облусунун Кемин, Жайыл жана Панфилов райондорунда ишке ашырылды. Долбоордун максаты – коомчулуктун конкреттүү муктаждыктарын эске алуу менен долбоор камтыган аймактарда жакырчылыкты кыскартуу.

Долбоордун бюджети 11 миллион АКШ доллары.

Пикир

Оставить комментарий