• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргыз-тажик чек арасы: облустук штаб түзүлүп, жергиликтүүлөр коопсуз жайга чыгарылууда

Аймак 0

Бишкек, 27.01.22. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы абал Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаевдин көзөмөлүндө, - деп билдирет президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 27-январь, саат 20:30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында абал чыңалуу бойдон калууда. Эки тараптан тең топтолгон жарандар тарай элек.

Жеринде ыйгарым укуктуу өкүл Абдикарим Алимбаев баш болгон жергиликтүү бийлик органдары жана күч түзүмдөрү кырдаалды курчутпоо аракетинде ыкчам иш аракеттерди жүргүзүүдө.

Учурда чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлдү.

Чыр-чатак орун алган аймактан элдерди коопсуз жайларга көчүрүү боюнча ыкчам аракеттер көрүлүп, чек аралаш аймактан азыркы учурда коопсуз жайга чыгарылууда.

Учурда Ош-Баткен-Исфана автожолунун Төрт-Көчө аймагы жабык. Азыркы тапта чек арада эки тараптын сүйлөшүүсү күтүлүүдө.

Буга чейин КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 27-январь саат 20:30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал салыштырмалуу чыңалуу деп мүнөздөлгөндүгүн маалымдаган.

Такталган маалыматтар боюнча, Төрт-Көчө жерлигиндеги Баткен-Исфана автожолу Тажикстандын жарандары тарабынан жабылып, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында саат 19:30да жол каттамы ачылган.

Бирок кайра эле саат 19:35тер чамасында кырдаал курчуп, тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө жерлигинде УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарын көздөй ок чыгарышкан.

"Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарынын атышуусу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө жерлигинде болууда. Тажик тарап миномет жана гранатометторду колдонууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий