• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Баткен районунда футбол аянтчасы ачылды. Алгачкы оюнду облус жетекчилери баштап берди

Аймак 0

Бишкек, 08.08.23. /Кабар/. Баткен районунун Зарташ айылында футбол аянтчасы ачылып, алгачкы оюнду облус жетекчилери баштап берди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Зарташ айылында буга чейин спорт аянтчасы же мектепте спорт залы жок болгондуктан, спорттук иш-чараларды өткөрүүдө ыңгайсыздыктар жаралып келген.

Аянтчанын ачылышына президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Ражабалиев баштаган жетекчилер, айыл тургундары катышты.

Пикир

Оставить комментарий