• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жыл башынан бери сүт секторундагы 366 субъектке жеңилдетилген насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 08.08.23. /Кабар/. Жыл башынан бери Финансы-кредиттик фонду сүт сектору боюнча 366 субъектке жеңилдетилген насыя берди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, берилген насыянын жалпы көлөмү 132,3 млн сомду түзөт. Анын ичинен:

Кредиттер төмөнкү шарттарда берилет:

- максаттуу багыты - сүт өндүрүү же ири мүйүздүү малдын башын көбөйтүү үчүн ири мүйүздүү малды (уйларды) сатып алуу;
- кредиттин суммасы – жарандарга 500,0 миң сомдон ашык эмес;
- фермердик чарбаларга – 1 000,0 миң сомдон ашык эмес;
- кредит алуучулар төлөөгө жөндөмдүүлүк критерийлерине ылайык келүүгө, алардын оң кредиттик тарыхы болууга жана бюджеттик кредиттер боюнча мөөнөтү өткөн карыздары болбоого тийиш;
- кредиттин мөөнөтү - 3 жылга чейин, анын ичинде негизги сумманы төлөө боюнча 9 айга чейинки жеңилдетилген мезгил;
- кредит боюнча пайыздык ставка - жылдык 6 пайыз;
- финансылык санкциялар - мөөнөтү өткөн төлөмдүн суммасына жылдык 12 пайыз;
- күрөөлүк камсыздоо;
- кепилдик берүү менен 150000 (жүз элүү миң) сомго чейин кредит берүү каралат.

Пикир

Оставить комментарий