633 миң сом пайда көрүүнү көздөшкөн. Жалал-Абадда баңги топтун ишине бөгөт коюлду

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.08.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында афган тектүү баңгизаттарды жеткирүү жана таратуу менен алектенген баңги топтун ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, облус аймагында баңгизаттарды таратуу жөнүндө маалымат боюнча узак убакыт иштеп чыгуунун жыйынтыгында, айрым адамдар узак убакыт бою баңгизаттарды сатуу менен алектенишери аныкталган.

Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголгон.

Үстүбүздөгү жылдын 23-июлунда болжол менен саат 20:40та Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Акман талаасында баңгизат сатуу аракетинде үч адам кармалган: 1991-ж.т. А. уулу Э., 1981-ж.т. Т.К.А. жана 1981-ж.т. Н.И.Ж.. Алар "ВАЗ-2107" жана "ВАЗ-2106" үлгүлөрүндөгү эки жеңил унаа менен келишип, алардын ичинен афган тектүү "гашиш" (чарс) баңгизаты бар полимердик пакет алынган, анын таңгагы менен салмагы 1 кг 29 гр түзгөн.

Шектүү катары кармалган үч жаран Аксы райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

"Кармалган “гашиш" баңги каражаттары мыйзамсыз базарга түшкөн учурда, кармалгандар 633 миң 864 сом пайда көрүүнү көздөшкөн", - деп кошумчалашты ИИМдин басма сөз кызматынан.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо максатында мындан аркы ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий