• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Чукул кабар! Бишкек менен Чүйдө жакынкы бир саатта катуу шамал болот

Коом 0

Бишкек, 08.08.23. /Кабар/. Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө бүгүн жакынкы бир сааттын аралыгында жана кечинде катуу шамал болушу ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертти.

Маалыматка ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Буга байланыштуу министрлик шаардыктарды этият болууга чакырууда.

Табигый кубулушка кабылган учурда коопсуз жайларда болуп, кырсык катталса же күбөсү болсоңуз 112 кызматына чалууну унутпаңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алат.

Пикир

Оставить комментарий