• 87.86
  • 93.94
  • 1

Ак-Талаа районунда бюджеттин эсебинен заманбап оорукана курулат

Коом 0

Бишкек, 24.05.24. /Кабар/. Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылында бюджеттин эсебинен заманбап оорукана курулат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн аталган ооруканын курулушуна капсула салуу иш-чарасы өтүп, ага Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директору Ислан Момоконов, Жогорку Кеңештин депутаты Мурадил Сыдыков, президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн орун басары Адыл Сапаров, Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Давид Курманов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Аталган оорукана 2 кабаттан туруп, 20 орунга ылайыкташтырылат жана заманбап жабдуулар менен жабдылат. Имараттын курулушуна республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөн.

Ошондой эле Ислан Момоконов жумушчу сапарынын алкагында Ак-Талаа районунда салынып жаткан мектеп жана бала бакчанын курулуш-монтаждоо иштерин текшерди.

Пикир

Оставить комментарий