• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Эмгек министри муктаж үй-бүлөлөргө күн батареяларын орнотуу иштерин текшерди

Коом 0

Бишкек, 18.01.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова "Нур-Кубат"пилоттук программасын ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты.

«Бул социалдык мааниге ээ долбоор пилоттук режимде Жайыл жана Чүй райондорунда ишке ашырылууда. “Уй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө күн батареялары 2023-жылдын 28-декабрында толук орнотулуп бүтүп, байкоо иштери жүрүүдө. Ашыкча өндүрүлгөн электр энергиясы мамлекет тарабынан сатылып алынып, үй-бүлөлөргө кошумча каражат болуп бөлүнөт», - деди ал.

Гүлнара Баатырова, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Жарлыгы менен социалдык маанилүү товарлардын кымбатташынын шартында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө даректүү социалдык колдоо көрсөтүү максатында электр энергиясына болгон тариф 40%га арзандатылганын эске салды (1 кВт саат үчүн 50,0 тыйынга чейин).

Пикир

Оставить комментарий