• 88.68
  • 95
  • 0.95

Экинчи жана төртүнчү июлда Түркиядан Кыргызстанга 466 жаран кайтарылат

Коом 0

Бишкек, 27.06.20. /Кабар/. Экинчи жана төртүнчү июлда Түркиядан Кыргызстанга 466 жаран кайтарылат. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти.

“Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттөрү ортосунда жетишилген макулдашуунун натыйжасында, 2020-жылдын 2-июлунда саат 08:00дө жана 4-июлда саат 08:00дө Стамбул шаарынын Сабиха Гөкчен атындагы эл аралык аэропортунан “Стамбул-Бишкек” багыты боюнча “Пегасус” авиакомпаниясынын эки чартердик рейси аткарылат. Анкара шаарындагы элчиликке жана Стамбул шаарындагы Башкы консулдукка 2020-жылдын 27-июну саат 15:00гө чейин кайрылган жарандардын кайтарылышы хронологиялык тартиптин негизинде болот жана эки каттам менен бардыгы 466 адам жиберилет – бир каттам менен 233 адам кайтарылат”, - деп айтылат маалыматта.

2020-жылдын 27-июну саат 15:00го чейин кайрылуу жасаган жарандардын тизмелери элчиликтин (https://mfa.gov.kg/kg/ankara) жана Башкы консулдуктун (https://mfa.gov.kg/kg/istanbul) сайттарында (ушул жарыянын тиркемесинде) жайгаштырылган.

2020-жылдын 2-июлундагы чартердик каттамга билеттер түздөн-түз аэропортто 1-июлда жана 2-июлда саат 02:00гө чейин элчилик жана Башкы консулдук тарабынан түзүлгөн тизмелерге ылайык сатылат. Ошондой эле 4-июлдагы чартердик каттамга билеттер аэропортто 3-июлда жана 4-июлда саат 02:00гө чейин элчилик жана Башкы консулдук тарабынан түзүлгөн тизмелерге ылайык сатылат.

Билеттин баасы 220 долларды түзөт (доллар, евро же түрк лирасындагы накталай акча же кредиттик карта менен төлөсө болот). Эки жашка чейинки балдар үчүн билеттин баасы 23 долларды түзөт. Жүктүн уруксат берилген салмагы − 28 кг. Колго жүк алууга уруксат берилбейт жана аны учакка алып кирүүгө болбойт. Эгер жүктүн салмагы 28 килограммдан ашса, кошумча 1 килограмм жүк үчүн 7 доллардан акы төлөнөт.

“Элчиликтин жана Башкы консулдуктун тизмелеринде болгон жана “Пегасус” авиакомпаниясынын 2020-жылдын 4-июлуна чейинки регулярдуу рейстерине жарандардын мурун сатып алган билеттери жогоруда аталган чартердик авиарейстерге жарактуу. Регулярдуу жана чартердик рейстерге авиабилеттердин айырмасы боюнча жарандар «Пегасус» авиакомпаниясынын өкүлчүлүктөрүнө кайрылуусу керек. Элчиликке жана Башкы консулдукка кайрылган жана жогоруда белгиленген чартердик каттамдар менен кетүүнү ниеттенген жарандар 2020-жылдын 30-июнуна чейин элчиликтин kgembassy.tr@mfa.gov.kg жана Башкы консулдуктун kgconsulate.istanbul@mfa.gov.kg электрондук почталары аркылуу өздөрүнүн макулдугун билдириши керек”, - деп билдирет элчилик.

Элчиликтен белгилешкендей, Анкара шаарынан жөнөөчү (өз каалоосун билдирген) жарандарга Стамбул шаарындагы аэропортко баруу үчүн транспорт уюштурулат. Жол киренин акысы − 125 түрк лирасы. Буга байланыштуу Анкара шаарынан атайын уюштурулуучу транспорт менен кетүүнү каалаган жарандар өздөрүнүн каалоосун элчиликке 2020-жылдын 30-июнуна чейин билдириши керек.

Пикир

Оставить комментарий