• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Бишкектин мэри Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун кичи аренасында көчмө жыйын өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 18.01.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун кичи аренасында көчмө жыйын өткөрдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйындын алкагында шаар мэри спорттук жай менен таанышты.

Көчмө жыйындын жыйынтыгы боюнча төмөнкү тапшырмалар берилди:
- аренанын имаратын муниципалдык менчикке өткөрүү долбоорун ишке ашырууну тездетүү;
- «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасы кичи аренанын эскизинин долбоорун иштеп чыгуусу;
- Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти аренанын аймагындагы кыймылсыз мүлктүн мыйзамдуулугун текшерүүсү;
- өз аймагында жашыл зоналарды реабилитациялоо боюнча талдоо жүргүзүү жана бардык зарыл чараларды көрүү.

Пикир

Оставить комментарий