• 87.86
  • 93.94
  • 1

Чүй облусундагы суу сактагычтарда суунун топтолушу 100%ды түздү

Аймак 0


Бишкек, 24.05.24. /Кабар/. Президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиев Орто-Токой суу сактагычындагы жана башка көлмөлөрдөгү суунун көлөмүн жана деңгээлин текшерди. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Азыркы учурда облустун негизги суу сактагычтарында 625,17 млн кубметр суу топтолгон, бул жалпы көлөмдүн 100%ын түзөт. Белгилей кетсек, өткөн жылдын ушул мезгилинде суунун көлөмү 467 млн кубметр, же жалпы көлөмдүн 75%ын түзгөн.

Учурда суу сактагычтардагы суунун көлөмү төмөндөгүдөй:

  • Орто-Токой суу сактагычындагы суунун көлөмү 470 млн кубметр түзөт, бул долбоордук максималдуу көрсөткүч болуп саналат, өткөн жылдын ушул мезгилиндеги суунун көлөмү 350 млн кубметр түзгөн, башкача айтканда быйылкы суунун көлөмү 120 млн кубметрге көп;
  • Төмөнкү Ала-Арча (Наливное) суу сактагычында суунун көлөмү 53 млн кубметр болсо, 2023-жылы 43 млн кубметр;
  • Төмөнкү Ала-Арча (Русловое) суу сактагычында учурда суунун көлөмү 77 млн кубметр түзөт, былтыр 69 млн кубметр;
  • Спартак суу сактагычындагы суунун көлөмү бүгүнкү күндө 15 млн кубметр, өткөн жылга салыштырмалуу 4 млн кубметрге көптүк кылат, 2023-жылы ошол эле учурда суунун көлөмү 11 млн кубметр болгон.

Облус башчысы суунун көлөмүн гана эмес, жер-жерлердеги техникаларды, ошондой эле Чүй өрөөнүндөгү тазалыкты жана тартипти текшерди.

Мындан тышкары, ыйгарым укуктуу өкүл Чоң-Кемин тоо капчыгайында болуп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө селдин жүрүшүн алдын алуу боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү жана аткарууну тапшырды.

"Айыл чарбасында суу жогорку сапаттагы жемиштүү түшүм алууну камсыз кылуу үчүн зарыл. Ар бир дыйкан түшүмү керектүү көлөмдөгү сууну ала албай калат деп кабатыр болбошу керек", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий