• 87.86
  • 93.94
  • 1

Саламаттык сактоо министрлиги индиялык компания менен кызматташат

Коом 0

Бишкек, 24.05.24. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги Индиянын "Кендрия Бхандар" компаниясы менен медициналык буюмдар жана жабдуулар тармагында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

Ведомстводон маалымдашкандай, меморундумга саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен "Кендрия Бхандар" фармацевтикалык компаниясынын башкы директору Мукеш Кучердин ортосунда видеоконференция байланышы өткөн. Анын жүрүшүндө медициналык багыттагы буюмдар жана медициналык жабдуулардын материалдары менен камсыздоо жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Жыйындын жүрүшүндө министр Алымкадыр Бейшеналиев өлкөнү дары-дармек жана медициналык жабдуулар менен камсыз кылууда "Кендрия Бхандар" компаниясынын чоң ийгиликтерин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий