• 87.86
  • 93.94
  • 1

Ажылык - 2024. Оштон зыяратчылар келерки аптадан тарта уча баштайт

Аймак 0

Бишкек, 24.05.24. /Кабар/. "Ош" эл аралык аэропорту зыяратчыларды ажылык сапарга узатууга даярданууда. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту" ААК билдирет.

Маалыматка ылайык, "Манас" эл аралык" ААКтын "Ош" филиалынын директору Тимурлан Маданбеков Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов менен жолукту.

Жолугушуунун алкагында 2024-жылкы зыяратчыларжы ажылык сапарга "Ош" эл аралык аэропорту аркылуу учуу-каттамдары талкууланды. Ошондой эле ажылык сапарга узатуу жана тосуп алуу маселеси каралып, зыяратчыларды көзөмөлдөө Ош шаардык казыятка жүктөлгөнү айтылды.

Азыркы маалда "Ош" эл аралык аэропорту тарабынан ажылардын алгачкы тобун сапарга узатууга, каттамдарды уюштурууга кызуу даярдык жүрүүдө.

Белгилей кетсек, "Ош" эл аралык аэропортунан ажылык сапарга каттам 31-май күнү башталмакчы.

Пикир

Оставить комментарий