• 87.86
  • 93.94
  • 1

Анкарада Түрк ашканасы жумалыгынын алкагында көргөзмө уюштурулду

Дүйнө 0

Бишкек, 24.05.24. /Кабар/.Түркиянын Анкара шаарындагы президенттик комплексте "Кылым карыткан даамдардын жолугушуу жери: жети аймакта түрк ашканасы" аттуу программа уюштурулду.

Иш-чара 21-майдан 27-майга чейин өтүп жаткан Түрк ашканасы жумалыгына карата Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдогандын колдоосу менен уюштурулган.

Эмине Эрдоган программанын ачылышында сөз сүйлөп, миңдеген жылдар бою береке чачып келаткан Анадолу адамзаттын, цивилизациянын жана маданий өнүгүүнүн очогу экенин белгиледи. Ошондой эле ал аймакка таандык тамак-аштардын алгачкы даамы бүгүнкү күнгө чейин өзгөрүүсүз сакталып келе жатканына токтолду.

Көргөзмөгө 21 аймактын продукциясы - Газиантеп баклавасы, Айдын инжири, Малатия өрүгү, Айдын каштаны, Милас зайтун майы, Байрамич ак, Ташкөпрү сарымсак, Гиресун толмоч фундук, Антакья кунефе, Суруч анар, Чаглаянжерит жаңгагы, Гемлик зайтуну, Эдремит зайтун майы, Милас майы, Аяш помидору, Эдремит булуңунун жашыл чийилген зайтундары, Мараш тарханасы жана Эзине сыры коюлду.

Аталган даамдар маданият, туризм жана экономика сыяктуу көптөгөн тармактарга таасир берип, кошумча нарк жаратып келет.

Көргөзмө 1 айга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий