• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Эл аралык багытта жүк ташуу: Мөөнөтү өтүп кеткен лицензиялар эки айга узартылат

Коом 0

Бишкек, 01.02.19 /Кабар/. Эл аралык багыттарда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуучу унаалардын мөөнөтү өтүп кеткен лицензиялар дагы эки айга узартылат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, узартылган лицензиялар үчүн эч кандай акы төлөмү алынбайт.

Мындай чечим өкмөт тарабынан лицензияларды берүү үчүн пошлинанын өлчөмү бекитилгенге чейин узартылат.

Ошондой эле бул чара эл аралык багыттар боюнча каттаган автоунаалардын токтоп калышын жана айдоочулардын нааразычылыгын алдын алуу үчүн кабыл алынды, деп айтылат.

Эске салсак, өкмөт тарабынан лицензияларды берүү үчүн төлөмдөрдүн өлчөмү бекитилбегендигине байланыштуу, 2019-жылдын 1-январынан тарта Транспорт министрлиги эл аралык багыттарда жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуучу автоунааларга лицензия берүүнү токтоткон.

Пикир

Оставить комментарий