• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эки бала тарабынан зордукталган баланын ишин Акыйкатчы көзөмөлүнө алды

Коом 0

Бишкек, 19.09.17 /Кабар/. Акыйкатчы институтунун кызматкерлери 10 жана 13 жашар балдар тарабынан эарым жыл бою зордукталды деп маалымдалган 8 жашар баланын ишин көзөмөлүнө алды. Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча бул окуя 2017-жылдын жайында Кара-Балта шаарында орун алган.

Акыйкатчы институту Жайыл райондук прокурорунун атына бул иш боюнча так маалымат берүү өтүнүчү менен кайрылган. Прокуратуранын жообунда 31-августта милицияга Р.М. билдирүү менен кайрылып, 2017-жылдын жай айларынн башынан тарта күч колдонуп 2009-жылы туулган баланы зордуктаган 2007 –жана 2004-жылы туулган эки балага карата чара колдонуу өтүнүчү менен кайрылган. Маалым болгондой, бул жарым жыл бою созулган.

Зордуктоону аныктоо максатында соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана соттук-психологиялык, психиатриялык экспертизалар дайындалган. Алардын жыйынтыгы али даяр эмес, буга байланыштуу бул ишти кароо 2017-жылдын 29-сентябрына чейин узартылганын Акыйкатчы институту прокуратуранын маалыматына таянып билдирди.

Пикир

Оставить комментарий