• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Акыйкатчы маморгандарды аскер кызматкерлеринин укуктарын камсыздоого чакырат

Коом 0

Бишкек, 10.05.24./Кабар/. Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды аскер кызматкерлеринин укуктарын камсыздоого чакырат. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Акыйкатчынын айтуусуна таянсак, аскерге чакырылган катардагы жоокерлердин жана офицерлердин укуктарынын коргоо маселеси курч бойдон калууда.

"Алардын укуктарын камсыздоо жана ден соолугун сактоо үчүн тез арада чара көрүүлүүсү талап кылынат", — деп билдирди Жаманбаева.

Акыйкатчы тиешелүү мамлекеттик органдардан аскерге чакырылган жоокерлердин укуктарын так сактоону талап кылат.

"Белгилүү болгондой, мыйзам боюнча медициналык жана физикалык жактан талапка туура келген 18 жаштан 25 жашка чейинки жаштар аскерге чакырылат. Бул мыйзам ченемдери эч кандай шартта бузулбашы керек. Ден соолугунда көйгөйү бар, оорулуу балдарды аскерге жиберүүгө болбойт", – деди акыйкатчы.

КР Акыйкатчы (Омбудсмен) Институтунун кызматкерлери КРдин Коргоо министрлиги Аскердик госпиталда мониторинг жүргүзүштү.

Мындай аракеттер армиядагы жоокерлердин зомбулукка кабылуусун алдын алуу максатында жүргүзүлдү.

Аскер госпиталынын каттоо журналынын маалыматы боюнча:

  • 2024-жылдын 1-январынан 26-мартына чейин 607 жаран кайрылган, алардын 139 катардагы жоокерлер (21%).
  • 2023-жылы аскер госпиталына жалпы 2160 аскер кызматкери кайрылган, анын ичинен 663 катардагы жоокерлер (31%).
  • 2023-жылы аскерлердин ден соолугун текшерүү учурунда 37 жоокерден бөйрөк оорусунун жетишсиздиги, ал эми 2024-жылдын биринчи кварталында эле 21 аскерден жогордогудай оору аныкталган.
  • 2023-жылы 87 аскерден варикоцеле оорсу табылса, 2024-жылдын биринчи кварталында 42 аскерден аныкталды.
  • Эркектердин 40% тукумсуз болуп калышынын себеби, варикоцеле оорусу.

Мониторинг учурунда, аскерге чакырылган жоокерлердин аскердик госпиталга келип жатышынын бирден-бир себеби, медициналык комиссия учурунда аныкталбаган өнөкөт же башка оорулардын физикалык күч келүүсүнөн улам курчуп жатканы белгилүү болгон.

Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, медициналык комиссияда ультуразвук аппараты (УЗИ) жок болгондуктан, алардын ички органдарына текшерүү жүргүзүлбөйт.

Мындан сырткары, аскер кызматы учурунда госпиталга ар кандай жаракаттар менен жиберилет.

Уставга ылайык, мындай учурда, тиешелүү кызматтарга, анын ичинде аскер прокуратурасына бул тууралуу маалымат жиберилет.

2024-жылдын биринчи кварталында Аскер прокуратурасына жогорудагыдай 16 билдирүү жөнөтүлгөн. Алардын ичинен 10 жоокер 73 809 аскер бөлүгүнөн.

Акыйкатчы институту Аскер прокуратурасына кызмат өтөө учурунда ар кандай жаракат алган жоокерлердин укуктарын камсыз кылуу боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу расмий суроо-талап жөнөткөн.

Аскер прокуратурасынын маалыматына ылайык, 2024-жылдын биринчи кварталында аскер госпиталына жалпысынан 15 аскер кызматкери кайрылган.

Ар бир факт боюнча аскер прокуратурасы иликтөө иштерин жүргүзгөн; 9 факт боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылса, 6 факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымкат түзүү жана аскер бөлүктөрүнүн командирлерине маалымдоо жиберүү чечими кабыл алынган.

Алсак, Омбудсмен институтунун кызматкерлери тарабынан аскердик госпиталга мониторинг жүргүзүүдө аныкталган маалыматтарга ылайык, 15 аскер кызматкери кабыргалары сынган, буттары, колдору ар кандай травматикалык контузия жана башка жаракаттар менен кайрылышкан. Эки жоокер ийне жутуп алгандыгына байланыштуу аскердик госпиталга түшкөн.

Аскер прокуратурасынын расмий жообуна ылайык, айрым фактылар боюнча, жоокерлер мындай жаракаттарды аскер кызматкерлеринин өздөрүнүн этиятсыздык аракетинен улам алганы айтылат.

Акыйкатчы өлкөнүн аймагында жайгашкан аскердик башкаруу органдарынын, аскердик бөлүктөрдүн, бирикмелердин, аскердик окуу жайлардын, жана башка аскердик мекемелердин түзүлүштөрдүн мыйзам актыларын так жана бирдей аткарылышына көзөмөлдү камсыз кылууну аскер прокуратурасынан талап кылат.

“Айрым жоокерлер катуу ур-токмокко кабылгандан кийин да, окуя тууралуу айтуудан баш тартышат. Ошондуктан, алардын укуктарынын камсыздалышы тиешелүү мамлекеттик органдардын көңүл чордонунда болушу керек”, – деп билдирди Жамиля Жаманбаева.

Пикир

Оставить комментарий