• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барат

Президент 0

Ташкент, 03.05.24. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров быйыл мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барат. Бул тууралуу Кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, учурда тараптар кыргыз-өзбек бизнес-форуму, эки мамлекеттин башчыларынын катышуусунда Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү жана башка бир катар иш-чаралардын программасын даярдап жатышат.

"Бул сапар кыргыз-өзбек мамилелериндеги дагы бир бурулуш окуя болуп, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого маанилүү түрткү бериши керек", - деп ишенет Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий