• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте Жеңиштин 78 жылдыгы кандай белгиленет? Иш-чаралардын программасы

Коом 0

Бишкек, 04.05.23. /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясынан Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы кандай белгиленери тууралуу айтып беришти.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 9-майда Жеңиш аянтында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына арналган митинг-реквием өтөт.

Ошондой эле 9-майда саат 10:00дө Түштүк дарбазадан “Өлбөс полк-Кыргызстан” акциясы башталат. Марштын катышуучулары төмөнкү маршрут боюнча жүрүшөт: Түштүк дарбаза – Абдрахманов-Фрунзе көчөлөрү - Жеңиш аянты.

Ошондой эле иш-чаралар борбордун бардык райондорунда уюштурулат. Алар менен шилтеме аркылуу тааныша аласыздар.

Борбор калаанын мэриясы шаар тургундарын жана конокторун келе жаткан Жеңиш майрамы менен куттуктап, иш-чараларга катышууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий