• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бакуда Ч.Айтматовдун 95 жана Г.Алиевдин 100 жылдыгына карата "Саманчынын жолу" спектакли коюлду

Коом 0

Бишкек, 04.05.23. /Кабар/. Баку шаарында Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына жана Азербайжан элинин жалпы улуттук лидери Гейдар Алиевдин 100 жылдыгына арналган “Саманчынын жолу” повестинин негизинде коюлган спектаклдин бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу Эл аралык түрк маданияты жана мурасы фондунан билдиришти.

Иш-чара Азербайжан мамлекеттик академиялык улуттук драма театрынын сахнасында Баку муниципалдык театрынын артисттеринин катышуусунда өткөн. Спектаклдин режиссер-коюучусу Азербайжан эл артисти, режиссер Марахим Фарзалибеков.

Спектаклдин премьерасына белгилүү коомдук ишмерлер, Азербайжанда аккредитацияланган дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү, белгилүү маданият, искусство, адабият ишмерлери жана чыгармачыл жаштар катышты.

КР президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков жана Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев иш-чаранын ардактуу коногу болушкан. Ошондой эле видео кайрылуу менен жазуучунун кызы Ширин Айтматова чыкты.

Иш-чарада Чыңгыз Айтматовдун улуттук лидер Гейдар Алиев жана Азербайжан Республикасынын президенти Илхам Алиев менен жолугушууларын, анын Бакуга болгон сапарларын чагылдырган сүрөттөрдүн көргөзмөсү уюштурулду.

Иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөгөн Эл аралык түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Гүнай Эфендиева Айтматовдун чыгармаларынын эл аралык деңгээлде таанылышын баса белгиледи: "Саманчынын жолу" чыгармасы бир аялдын трагедиясы, эненин ыйы. Бирок анын жүзү миллиондогон энелердин азабы, ачуусу, азабы. Ар түрдүү муундардын тагдыры. Бул тууралуу сөз кылып жатып, биздин алдыбызда Ата Мекендик согушта өз мекени Карабах үчүн жанын кыйган эр жүрөк уулдарыбыз турат. Ошондуктан, бул спектакль биздин баатырлардын жаркын элесине таазим. Албетте, бул аларды бизге тартуулаган Энелер үчүн айтылган ода".

Спектакль Азербайжанда "Гейдар Алиев жылынын" алкагында коюлуп, Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналды

Пикир

Оставить комментарий