• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт

Коом 0

Бишкек, 05.05.24. /Кабар/. Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт. Бул тууралуу "Бишкекгаз" газ кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 6-майдан 8-майга чейин ЧЧК, Курманалиев көчөсү, Лермонтов көчөсү, Чүй проспекти, Осмонкул, Жибек Жолу, Фрунзе көчөлөрү менен чектелген аймакта жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт.

Газ орто басымдагы газ өткөргүчүндө тээгин алмаштырууга жана жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө газдын агышын жоюуга байланыштуу өчүрүлөт.

«Бишкекгаз» газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий