• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

1-октябрдан тарта идентификацияланбаган электрондук капчыктар иштебей калат - Улуттук банк

Экономика 0

Бишкек, 24.09.20. /Кабар/. 2020-жылдын 1-октябрынан тартып идентификацияланбаган электрондук капчык ээлери жана төлөм уюмдарынын (уюлдук байланыш операторлору) агенттеринин мобилдик тиркемелерин пайдаланган идентификацияланбаган колдонуучулары төлөмдөрдү жүргүзө албай калат. Бул тууралуу Улуттук банкттан билдиришти.

Улуттук банк тиешелүү токтом 2019-жылдын 30-сентябрында чыкканын белгилейт. Ага байланыштуу, Улуттук банк 2020-жылдын 1-октябрына чейин идентификацияланбаган электрондук капчыктардын ээлерин жана агенттердин мобилдик тиркемелеринин идентификацияланбаган колдонуучуларын идентификациядан өтүү зарылдыгын эскертет.

Идентификация жол-жобосунан өтүү үчүн идентификацияланбаган электрондук капчыктардын ээлери жана/же агенттердин мобилдик тиркемелеринин идентификацияланбаган колдонуучулары коммерциялык банкка/төлөм уюмуна же анын агентине (тиешелүү уюлдук байланыш операторуна) кайрылып, келип паспортун көрсөтүү менен же сүрөттү салыштырып текшерүү же болбосо видеобайланышты колдонуу менен аралыктан идентификациядан өтүүсү зарыл.

"2020-жылдын 1-октябрынан тартып идентификацияланбаган электрондук капчыктардын ээлери жана агенттердин мобилдик тиркемелеринин идентификацияланбаган колдонуучулары боюнча бардык финансылык операциялар токтой тургандыгын белгилейбиз. Ошол эле учурда, капчык ээлери/колдонуучулар үчүн аралыктан идентификациядан жана верификациядан өтүүсү үчүн өздөрүнүн электрондук капчыктарына/агенттердин мобилдик тиркемелерине кирүү, жеткиликтүү маалыматты колдонуу, ошондой эле өздөрүнүн электрондук капчыгындагы/телефондун өздүк эсебиндеги балансты текшерип туруу мүмкүнчүлүгү болот", - деп билдирет Улуттук банк.

Улуттук банк бардык суроолор боюнча сизди тейлеген коммерциялык банкка/төлөм уюмуна, төлөм уюмунун агентине (уюлдук байланыш оператору) кайрылууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий