• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Мыйзамсыз баюу боюнча иш: Сот тараптардын жарыш сөзүнө өттү

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.09.20 /Кабар/. Бүгүн, 24-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз баюусу боюнча соттук отурум болуп өттү.

Сот иштин материалдарын иликтөөнү бүтүп, тараптардын жарыш сөзүнө өттү.

Эскерте кетсек, КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Жооптуу кызматты ээлеген кызматкердин мыйзамсыз баюусу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштери УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий