• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Өлкө аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан жумуртка кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.03.21. /Кабар/. Өлкө аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан жумуртка кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ыкчам бажысынын кызматкерлери Ош областында Г.Б.Б. аттуу Кыргызстандын жаранынын башкаруусундагы “Mersedes-Benz 312” үлгүсүндөгү унааны токтотуп текшеришкен.

Унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 57 миң 750 даана тоок жумурткасы табылган. Кармалган товарлардын жалпы наркы 548 миң 625 сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий