• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Москва районунда 41 жаштагы жаран муунтуп өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүүлөр кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. Москва районунда киши өлтүрүүгө шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 4-декабрында Москва райондук ички иштер бөлүмүнө телефон чалуу болуп, болжол менен 40-45 жаш курактагы эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирилген.

Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге дароо чыгышкан. Териштирүү учурунда каза болгон адам 1981-жылы туулган А.А. аттуу жаран экендиги такталган.

Бул окуя РИИБи тарабынан катталып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында каза болгон жарандын муунтулгандыгы аныкталган. Анын негизинде катталган материал кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 1982-жылы туулган О.Б. жана 1979-жылы туулган Э.Ж. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жогорудагы окуя мас абалында ортодон чыккан пикир келишпестиктен улам болгон.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий