• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

1-октябрдан тарта Ош облусу боюнча ЖЧКны каттоо онлайн режиминде гана жүргүзүлөт

Коом 0

Бишкек, 19.09.24./Кабар/. 1-октябрдан тарта Ош шаарында жана Ош облусунда ЖЧК түрүндөгү юридикалык жактарды каттоо жалаң гана онлайн форматта жүргүзүлөт.

Юстиция министрлигинен билдиришкендей, кагаз түрүндөгү арыздар кабыл алынбайт.

Юридикалык жактарды онлайн каттоону ишке киргизүү административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө жана ишкерлердин санариптик экономика шарттарында бизнести өнүктүрүүгө умтулуусуна колдоо көрсөтүүгө багытталган.

Эске сала кетсек, 2024-жылдын 27-августунда Бишкек шаарында жана Чүй облусунда ЖЧКны онлайн каттоо башталган. Бул кыска убакыттын ичинде буга чейин 400 ашык ишкер каттоодон өткөн.

Белгилей кетсек, каттоо процесси кыйла тезирээк жана ыңгайлуу болуп калды, анткени каттоочу органдын иш графигине карабастан каалаган убакта арыз берүү мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Онлайн каттоо системасына шилтеме Юстиция министрлигинин расмий сайтында жеткиликтүү. Арыз ээси ошол жерден толук видеоинструкция менен тааныша алат.

"Бардык суроолор боюнча 0312 62 62 10 кошумча 135, 175 же 189 телефон номерлерине, ошондой эле мобилдик номерлерге кайрылсаңыздар болот 0700 64 97 97, 0772 64 74 24. Адистер арызды кантип туура тариздөө боюнча кеңеш беришет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий