• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Шаар тургундарына бекер муздак суу таратылууда

Коом 0


Бишкек, 10.07.18. / Кабар/. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкерлери шаар тургундарына муздак сууну бекер таратышууда. Бул тууралуу фейсбуктун колдонуучусу Улан Жумаков баракчасына жазып чыкты.

Анын жазганына караганда, акцияны аталган кызматта иштегендер уюштурушкан.

“ЖКККББнын кызматкелери аптаптуу аба ырайында Бишкектин тургундарына, жүргүнчүлөргө, айдоочуларга ичкенге муздак сууну бекер таратышууда. Муздак ичимдиктерди чыгарган өндүрүүчүлөрдү бул кайрымдуулук акцияга катышууга чакырам. Шаардыктарды ысык аба ырайында колдойлу”, - деп жазган ал.

Пикир

Оставить комментарий