• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

1-сентябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 28.08.18. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 28-августтан 1-сентябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Ага ылайык, 28-август күнү тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

29-30-август күндөрү Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарда, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

31-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

31-августта күндүз жана 1-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

2-3-сентябрь күндөрү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Лейлек, Талас, Базар-Коргон райондорунун токойлорунда өрттүн болуп кетүү коркунучу жогору, калган аймактардын токойлорунда өрттүн коркунучу аз.

Пикир

Оставить комментарий