• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

«Коопсуз шаар» долбоору иштегенден тарта 680 млн сомдон ашуун айыппул төлөндү

Коом 0

Бишкек, 27.02.20. /Кабар/. «Коопсуз шаар» долбоору иштеп баштаган 2019-жылдын февралынан тарта бүгүнкү күнгө чейин айдоочулар 680 млн сомдон ашуун айыппул төлөшкөн. Бул тууралуу КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын (ЖКККББ) Мониторинг борборунун башчысы Гүлмира Баратова билдирди.

Анын айтуусуна караганда, учурда 11 аппараттык-программалык комплекс иштейт - жол эрежелерин жазып алган 90 стационардык жана 20 көчмө аппараттар.

Анын ичинен 38 - калаадагы кесилиштерде, 4 - ылдамдыкта жүргөн жолдордо, 48 - Бишкек-Ош, Бишкек-Чалдовар, Бишкек-Нарын-Торугарт, Бишкек-"Манас" эл аралык аэропорту, Бишкек-"Ак-Жол" көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде.

«Үстүбүздөгү жылдын 26-февралына карата КР ИИМ ЖКККББнын Мониторинг борборунун операторлору тарабынан 2 млн 835 миң 411 материал иштелип чыккан. Күнүнө борборго 4 миңге жакын бузуулар боюнча жобо келип түшөт. Мониторинг борбору тарабынан 1 млн 32 миң 673 бузуулар боюнча жобо чыгарылган, анын ичинен жалпы суммасы 686 млн 254 миң 650 сомду түзгөн 590 миң 130 бузуу төлөнгөн», - деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий