• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кан басымды көзөмөлдөө: Окумуштуулар өмүрдү узартуунун жолун аташты

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 27.02.20. /Кабар/. АКШнын Бостон шаарындагы Бригам аялдар ооруканасынын окумуштуулары кан басымды интенсивдүү түрдө көзөмөлдөө өмүрдүн узарышына алып келерин аныкташты. Бул тууралуу EurekAlert порталы билдиргенин РИА Новости жазат.

Изилдөөгө 50 жана андан жогорку жаштагы 9 миңден ашык адам катышкан. Алардын систоликалык кан басымы сымап мамычасы менен алганда 130дан 180 миллиметрди түзгөн.

Катышуучулар эки тайпага бөлүнүп, антигипертензивдик дарылануудан (систоликалык кан басымдын жогорулап кетишин алдын алуу же анын төмөндөшүнө алып келүү) өтүп турган. Биринчи тайпадагылардын кан басымын дарыгерлер сымап мамычасы менен алганда 120 миллиметр көрсөткүчтө сактап калышкан.

Ал эми экинчисин 140 миллиметр көрсөткүчтө.

Изилдөөнүн жыйынтыгында окумуштуулар төмөнкүдөй жыйынтыкка келишкен. Алар катышуучулардын кан басымын үзгүлтүксүз көзөмөлдөп туруу менен алардын өмүрүн 6 айдан үч жылга чейин узарта алышкан.

Изилдөө жүргүзгөн адистер белгилегендей, кан басымды көзөмөлдөөнү өмүрдүн аягына чейин аткарганда жана башка олуттуу оору менен оорубаган учурда гана ушундай жыйынтыкка жетсе болот.

Пикир

Оставить комментарий