• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Чолпон-Ата шаарында эки миң окуучу Манас айтты

Аймак 0

Бишкек, 01.05.24. /Кабар/. Бүгүн 1-майда, Чолпон-Ата шаарындаэки миң окуучу Манас айтты.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүчүлүгүнөн билдиришкендей, иш-чара «Рух ордо» маданий комплексинде орун алып, «Урааным Манас» аталышындагы Манас айтуу боюнча республикалык кароо-сынактын алкагында өттү.

Сынак президенттин «Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – «Манас» эпосунун үчилтигин («Манас», «Семетей», «Сейтек» эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» жарлыгын аткаруу, улуттук маданий жана руханий дөөлөттөрдү сактап калуу максатында өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий