• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

15-декабрга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 15-декабрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда -3...+2, Талас, Баткен облустарында -2...+3, Ош, Жалал-Абад облустарында 0...+5, Ысык-Көл облусунда -1...-6, Нарын облусунда -3...-8 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы 0...+2 градус болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий