• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

10,5 миң жаран ID-картасын акысыз алмаштырууга арыз берди – Кутнаева

Коом 0

Бишкек, 10.07.24. /Кабар/. 10,5 миң жаран сары түстөгү ID-карталарды акысыз алмаштырууга арыз берди. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева билдирди.

Анын айтымында, 2004-жылдын үлгүсүндөгү сары түстөгү ID-карталарды акысыз алмаштыруу боюнча улуттук кампания 1-июлда башталган.

"Сары түстөгү гана ID-карталар алмаштырылууга тийиш. 2017-жылдын үлгүсүндөгү биометрикалык паспорттор алмаштырылбайт. Анткени алар коопсуздуктун бардык талаптарына толук жооп берет. 2004-жылдын сары түстөгү ID-карталары бар жарандар бул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, жаңы биометрикалык паспортторду алууга чакырабыз. Бул коопсуздукту жакшыртууга жана мамлекеттик кызматтарды жеңилдетүүгө маанилүү кадам болуп саналат”, - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда паспорт, ID-карт жана башка документтер "Учкун" ишканасында чыгарыла баштаган. ID-карттарды бекер алмаштыруу боюнча акция 31-августка чейин өтөт. Андан кийин паспортту адаттагыдай эле өздүк баасына, тагыраагы 600 сомдон алмашылат.

Пикир

Оставить комментарий