• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кара-Кечеде суткасына 7 миң тоннадан кем эмес көмүр жүктөлүүдө — “Кыргызкөмүр”

Коом 0

Бишкек, 12.12.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. “Кыргызкөмүр” ишканасы күз-кыш мезгилин туруктуу өткөрүүгө даяр. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын директору Марат Орозбаев билдирди.

Анын айтымында, Кара-Кечеге келген кардарлар бир сутка ичинде көмүр жүктөп, чыгып кетүүдө.

“Суткасына 7 миң тоннадан кем эмес көмүр жүктөлүүдө. Кенде 200 миң тонна көмүр жүктөгөнгө даяр. Бишкек 90-95 пайызга көмүр менен камсыздалган, баасы 4 миңден 6 миң сомго чейин болууда. Баалар кызмат көрсөтүүсүнө жараша болот. Аймактарга да көмүр ташылууда”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий