10 ай ичинде 1407 мамлекеттик квалификациялык сертификаттар берилди - Мамкурулуш

Коом 0

Бишкек, 16.11.20. /Кабар/. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (Мамкурулуш) жөнгө салуучу иш бөлүмү тарабынан 2020-жылдын 10 ай ичинде курулуш тармагынын адистери үчүн 1407 мамлекеттик квалификациялык сертификаттар берилген. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бардык иштин түрлөрү боюнча долбоорчуларга– 427, излдѳѳчүлѳргѳ – 52, инжиниринг кызматы боюнча адистерге – 383, курулуш материалдарын жана конструкцияларды өндүрүү боюнча адистерге – 11, жана курулуш-монтаждоо иштери адистерге боюнча – 534 квалификациялык сертификаттары берилген.

Белгилей кетсек, 97 адистерге компетентсиздикке байланыштуу сертификат берүүдөн баш тартылган жана квалификациялык сертификаттардын колдонуу мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу 834 адиске узартылган.

Пикир

Оставить комментарий