• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

“Жүрөгүм менин тоолордо”. БУУнун штаб-квартирасында Тоо күнүнө карата көргөзмө ачылды

Коом 0

Бишкек, 13.12.22. /Кабар/. Кыргызстандын Нью-Йорк шаарындагы БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгү Тоолордун эл аралык күнүнө карата БУУнун штаб-квартирасында “Жүрөгүм менин тоолордо” аттуу сүрөт көргөзмөсүнүн бет ачарын өткөрдү.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, көргөзмө 23-декабрга чейин уланат.

Белгилей кетсек, Тоолордун эл аралык күнү 2002-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 57-сессиясынын Кыргыз Республикасынын демилгеси менен Эл аралык тоо жылынын жыйынтыгына арналган резолюциясы менен жарыяланган. Эл аралык тоо күнү 2003-жылдан бери жыл сайын 11-декабрда белгиленип келет.

Резолюцияда БУУнун Башкы Ассамблеясы дүйнө коомчулугун бул күнү жер шаарынын тоолуу аймактарын өнүктүрүү көйгөйлөрүнө жана алардын калкына жардам көрсөтүү зарылдыгына көңүл буруу максатында бардык деңгээлдеги иш-чараларды уюштурууга чакырган. Мындан тышкары, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралардын өзгөчө актуалдуулугун белгилеген.

Маалымат үчүн: 1998-жылдан бери Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттердин демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясы тоолуу өлкөлөрдүн көйгөйлөрү боюнча 12 резолюция кабыл алган. Бул тизмедеги эң акыркысы БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2022-жылды Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы деп жарыялоо болуп эсептелет. Учурдагы 77-сессиянын жүрүшүндө кыргыз тарап президент Садыр Жапаровдун 2023-2027-жылдарды “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы” деп жарыялоо боюнча демилгесин илгерилетүүдө.

Пикир

Оставить комментарий