• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

УКМК: Эл аралык издөөдө жүргөн террордук уюмдун мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.05.24. /Кабар/. Эл аралык издөөдө жүргөн эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Ведомстводон белгилешкендей, чет мамлекеттин аймагында куралдуу кагылышууларга же согуш аракеттерине катышкандыгы, террористтик жана экстремисттик даярдыктан өткөнү, ошондой эле улуттук этностор аралык, расалык, диний жана регион аралык кастыкты козгогондугу үчүн үстүбүздөгү жылдын 4-майында 1966-жылы туулган КР жараны, Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Б.З.Т. Түркиянын аймагында кармалып, депортацияланды.

Аталган жаран 2015-жылдын ноябрында Сирияда "Жабхат-Ан-Нусра" эл аралык террористтик уюму тарабынан куралдуу жаңжалга катышкан.

Аталган Б.З.Т. соттун чечими менен УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий